24.kg
10:26, 06 сентября 2019, 24.kg

Комуз күнүнө карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт

Комуз күнүнө карата өлкө аймагында 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туримз министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда саат 10:00дө Ысык-Көл облусуна караштуу Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өтөт. 9-сентябрда саат 10:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий практикалык конференция уюштурулат. Ошол эле күнү саат 12:30да Бишкекте Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы болот. Саат 16:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында «Комуз-улуттук сыймык» аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү өтөт. 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Таңшы комуз» аттуу гала концерт уюштурулат.

Ошондой эле, республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекемелерде комуз күүлөрү жаңырып, атайын иш-чаралар өткөрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18