24.kg
09:32, 06 сентября 2019, 24.kg

Ишкер Бабур Төлбаев футболист Роналду менен Мессини Кыргызстанга чакырды

Ишкер Бабур Төлбаев футболист Криштиану Роналду менен Лионель Мессини Кыргызстанга чакырды. Бул боюнча ал өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу кайрылды.

Photo 134102

Криштиану Роналду менен Лионель Месси 30-августта Чемпиондор лигасынын чүчүкулак таштоо учурунда жолугушкан. Анда Роналду Месси менен 15-жылдан бери бул иш чарада жолугушуп жүргөнүн, экөө жакшы мамиледе экенин айтып, бирок, азырынча чогуу олтуруп тамактана электигин белгилеген.

Бабур Төлбаев дүйнөнүн алдынкы футболисттерин Кыргызстанга келип чогуу тамактанууга чакырат.

«Бул жөн эле кечки тамак болбойт. Ага биздин 3 миңдей балдар катышат. Алар силерди жана футболду абдан жакшы көрөт. Биздин өлкөгө келип, балдарды шыктандырууга кандай карайсыздар?», — деп кайрылды ишкер. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18