24.kg
08:59, 06 сентября 2019, 24.kg

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Шектүүлөр милицияга өздөрү келишти

Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков өзү милицияга келди. Алардын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келгендиги видеого тартылган.

Жаныбек Бапышов таңкы саат 4.00дө, андан кейин Калысбек Сейитбеков дагы өз ыктыяры менен келишкен.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы шектүүлөр ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кармалганын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалганын айтууда.

Шектүүлөр учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.

«2 күндөн кийин жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта», -деп билдиришти министрликтен.

Ишти ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлгө алып, өкмөт башчысы күнөөкөрлөрдү кармоону буйруган.

Жаныбек Бапышов 1985-жылы, Калысбек Сейитбеков 1999-жылы туулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18