24.kg
12:00, 08 сентября 2019, 24.kg

Эмил Эсеналиев: Элимди, жеримди шылдыңдаган тасмага эч качан тартылбаймын

«Тамашоунун» мектебинен чыккан Эмил Эсеналиев «Апамды издеп −2», «Көк-Бөрү», «Чала спортик», До+Фа, «Пентхаус» тасмаларында роль жаратып, учурда жаш актерлордун катарын толуктап келет.

Муну менен катар социалдык тармактарда жарнама, роликтерди жаратып, вайнерлик менен алектенет. Актер жигит 24.kg агенттигине чыгармачылыгы тууралуу маек куруп берди. 

Photo 134013

— Болжол менен 10го жакын тасмада роль жараттыңыз, кайсынысы сиздин жүрөгүнүзгө жакын?

— Баары жакын, өзүм кандай көрсөм элге ошондой жеткирип бергем. Бир ролум мындай же тигиндей деп айта албайм, баары жагат.

Быйыл «Супер кудалар» социалдык комедияга тартылдым. Анда улгайган куданын, Союзбектин ролун аткардым. Ролум өзүма абдан жагып жатат.

— Руслан Акун режиссерлук кылган «Көк-Бөрү» тасмасына кантип тандалып калдыңыз?

— Тасмага тартылууга кастинг жарыяланган, бирок мени атайын чакырышкан. Себеби, сценарийди менин образымды элестетип, мага ылайыкташтырып жазган окшойт деп ойлойм. Тасманын продюсери Нурбек Айбашев өзү чалып чакырган. Сценарийди окуп жактырып, өзүм дагы кошчулап, жакшы образ жарата алдым деген пикирдемин.

— Бизде 1-2 киного тартылгандан кийин актерлор өз долбоорун даярдап башташат. Анын үстүнө «Тамашоу» клубунан чыккан балдардын арасында режиссерлукту аркалагандары да жок эмес. Сизде да тасма тартуу планыңыз барбы?

— Режиссер болуу планда жок болчу, бирок Руслан Акун «сенде режиссердук көз караш бар, жакшы бир тасмага режиссер болбойсуңбу?» деген сунушту айткан.

Эгер мен тасма тарта турган болсом, олуттуу темага басым жасайм. Сөзсүз тажрыйбалуу, дасыккан режиссерлордон кеп-кеңеш алам. Ал эми комедия жагынан өзүбүздү жакшы эле көрсөтүп келе жатабыз деп ойлойм. 

Photo 134012

— Негизи «Тамашоунун» жигиттери көп тармактарды ээлеп, адискөй актер, актрисаларды да жумушсуз калтырды. Тасмага тартылыш үчүн атайын билим керекпи?

— Дүйнө жүзүндө атайын билими жок, бирок тубаса таланты менен кино дүйнөсүнө, же башка тармакка аралашып, ийгиликке жетишкен мисалдар толтура. Менин дагы актердук билимим жок. «Тамашоу» клубунан алган тажрыйбанын негизинде гана жүрөм. Бирок, алдыда атайын билим алуу пландарым бар. — Сизге кандай тасмалар жагат? Кайсыл актерлорду баалайсыз?

— Чынында азыркы учурда Түштүк Кореянын тасмаларын жактырып көрөм. Себеби, дүйнөдө тасма тартуу, актерлордун ойноо чеберчилиги, сценарий жазуу жагынан биринчи орунда келе жатат. Болушунча чындыкка жакын кылып тартышат. Тасмага чогуу тартылууну аябай көксөгөн актерум деле жок. Бирок, дүйнөлүк деңгээлдеги чоң кинодо роль жаратууга шарт болуп калса деп кыялданам. 

Photo 134011

— Чет өлкөдөн сунуштар түшсө кабыл аласызбы?

— Албетте, кабыл алам, анткени өсүш керек. Негизи чет жерден бир жолу сунуш түшкөн, сценарийи деле жакшы болчу. Тилекке каршы, убакыттын тардыгына байланыштуу баш тарткам.

— Инстаграм баракчасынан улам шоу-бизнес өкүлдөрүнүн турмушу эч кандай көйгөйү жок, ар кандай иш-чараларда, ресторан, фуршет, той-топур менен өткөндөй. Чынында сиздин жашооңуз, бир күнүңуз кандай өтөт?

— Инстаграмдагы сүрөт, видеолор жөн гана ошол учурда болуп аткан жакшы нерселерди чагылдырат. Жашоомду ачык кармап, күйөрмандарым менен жакшы окуялар, күндөр менен бөлүшкөнгө аракет кылам.

Менин күн тартибим боюнча айта турган болсом, эрте турам. Жумушка барып, вайн, жарнамаларды ойлонуп, иштейбиз. Өтө оор иш кылбасак дагы, ойлонуу, жаңы идеяларды талап кылгандыктан, изденүүнүн үстүндө жүрүп, чарчайсың. Күнүм андан кийин жолугушуулар менен өтөт. Той-топурга көп барбайм.

Photo 134014

— Сиздер тартып жаткан вайндар канчалык актуалдуу жана маанилүү деп ойлойсуз?

— Ар бир муундун өзүнүн жаратмандары болот. Биздин вайнерлик — бул заман талабы жана ага суроо-талап бар. Коомдогу айрым терс көрүнүштөрдү тамаша иретинде жеткирип турабыз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18