24.kg
10:02, 05 сентября 2019, 24.kg

Салык кызматы август айындагы планды 100 пайызга аткарды

Мамлекеттик салык кызматы салык жана төлөмдөрдү 7 миллиард 532,9 миллион сом суммасында чогултуу менен август айындагы планды 100 пайызга аткарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын август айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 311,7 миллион сомго көбөйгөн.

«Салык кызматынын жигердүү ишинин аркасында унаа, турак-жай жана жер салыктарын чогултуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишилди. Алсак, август айынын жыйынтыгы боюнча унаа салыгы өткөн жылдын август айына салыштырмалуу 44,1 миллион сомго, жер салыгы — 19 миллион сомго көп болсо, турак-жай жана батирлер өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 9,8 миллион сомго жогорулады», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 52 миллиард 550 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 792,8 миллион сомго көп.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18