24.kg
09:34, 05 сентября 2019, 24.kg

Сузакта мугалимди мурунку окуучулары катуу сабап салышкан

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Ленин айылында мугалимди мурунку окуучулары катуу сабап салышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун өкүлү Абдуназар Маматисламов билдирди.

Айтымында, Юрий Губайдуллинди сугат сууунун айынан сабашкан.

«25-август түнү Юрий Губайдуллиндин кошунасы бакчасын сугарган. Ал суунун башына келип, суунун башка жакка бурулганын көрүп нааразы болгон. Бул убакта кошунасы агасын ээрчитип келип, ортодо пикир келишпестик жаралган. Айылдыктардын бири Юрий Губайдуллинди кетмен менен чаап ийген. Жабырлануучу «Кылым шамы» укук коргоо уюмуна кайрылган. Анын жаагы 3 жеринен сынып кеткен. Учурда 67 жаштагы мугалимге операция жасалды. Кылмыш иши козголгону менен шектүүлөр кармала элек», -деди Абдуназар Маматисламов.

Укук коргоочунун айтымында, соккудан кийин пенсионер эс учун жоготуп жыгылган. Бирок аны сабай беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18