24.kg
17:16, 04 сентября 2019, 24.kg

Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан күрүч аныкталды

Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 5 миң 500 килограмм болгон 110 кап «Лазер» күрүчү аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Photo 133914

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Баткен» бажысынын кызматкерлери кыргызстандык К.А.Анын башкаруусундагы «МАН М02» үлгүсүндөгү таранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 522 миң 500 сом.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар Ош областтык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18