24.kg
09:29, 04 сентября 2019, 24.kg

Атамбаевдин иши. Мечиттин ишмердүүлүгү чектелген жок

Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Көзөмөлдөө органынан маалымдашкандай, «Форум» Илимий-өндүрүштүк фирма" ЖЧКсына катталган жер аянтын камакка алышты. Компания Алмазбек Атамбаевге таандык. «Мечиттин ишмердүүлүгү чектелген жок. Тергөө болгону мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кайсыл каражатка курганын аныктап чыгат», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

«7-апрель шейиттери» мечити быйыл апрелде ачылган. Алмазбек Атамбаев мечиттин курулушуна достору жардам бергенин айткан.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18