24.kg
08:55, 04 сентября 2019, 24.kg

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Өкмөт башчы чара көрүүнү талап кылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.

«Эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18