24.kg
08:50, 04 сентября 2019, 24.kg

Фарид Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун жубайы жолдошу менен жолугуштурууну суранды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Улан Индикеев билдирди.

Айтымында, жубайы ИИМ тергөөчүсүнө арыз жазды. Арыз азырынча карала элек.

«Фарид Ниязов № 1 тергөө абагындагы 12 орундуу камерада кармалууда. Ал кармалуу шарттарына жана бирге отурган жарандарга нааразычылыгын билдирген жок», -деди Улан Индикеев.

Ал билдиргендей, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимди күчүндө калтырды. Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакта калат.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18