24.kg
17:05, 03 сентября 2019, 24.kg

Садыр Жапаровдун уулун сүзүп кеткен айдоочу: Мен бала болуп бергенге даярмын

Садыр Жапаровдун уулу Дастанды сүзүп кеткен айдоочу Жапаровдун үй-бүлөсүндөгү чоң жоготуу үчүн жабырлануучулардан жана элден кечирим сурады. Анын кайрылуусу ютуб каналында жарыяланды.

«Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм, терең-терең кайгыруу менен көңүл айтам. Авариядан кийинки төрт күн бою Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүргөм. Ушунчалык кайрымдуу, мээримдүү, кечиримдүү үй-бүлө экен. Дастандын жалпы үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Өмүрүмдүн аягына чейин карызым бар. Кудайдан, бүткүл кыргыз элимден, жүргүнчү кыздын үй-бүлөсүнөн да кечирим сурайм. Үйгө азык-түлүк, дары алып чыгып келе жаткам. Жаман ой менен жолго чыккан жокмун. Кырсык болуп калды», — деген айдоочу.

Эске салсак,  Дастан Жапар уулу жумуштан чыгып мотоциклге отуруп үйүн көздөй бара жатканда кырсыктаган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18