24.kg
16:20, 03 сентября 2019, 24.kg

Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчисин кызматтан бошотууну талап кылды

«Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Алимбеков Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумуна келген жок.

Бүгүн комитет Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинин айланасындагы абалды карап жатат. Комитеттин кызматкерлеринин айтымында, Алмазбек Алимбеков Солтон-Сары маселеси ага тиешелүү эместей мамиле жасады.

«Эмне үчүн өкмөт Алмазбек Алимбековду эркелетип жатат, түшүнбөй турам? Комитеттин аны кызматтан бошотуу тууралуу чечими бар. Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Алмазбек Алимбеков бул жылдар аралыгында эч нерсе жасаган жок. Кытайлык компаниянын жардамы менен араң «Макмалдагы» ишти баштады», -деди депутат Кожобек Рыспаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргызалтындын» жетекчисинин ишмердүүлүгүн 17-сентябрда талкуулоону сунуш кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18