24.kg
15:04, 03 сентября 2019, 24.kg

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Шектүүлөрдүн биринин тууганы милицияда иштеген

Бишкектеги «Ярмарка» супермаркетинин жанындагы мушташ тууралуу иш ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда ИИМ башчысы өзү билдирди.

Анын айтымында, кылмышкерлер жакында кармалат.

«Шектүүлөрдүн биринин тууганы чынында эле милицияда иштептир. Биздин кызматкерлердин ишке аралашканы дагы чын. Иликтөө аяктаганда, биз жоопту айтабыз», -деди министр.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18