24.kg
13:48, 03 сентября 2019, 24.kg

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Прокуратура милицияга карата иш козгоду

Бишкектеги супермаркеттин жанында болгон мушташтын 2 катышуучусун милиция мыйзамсыз алып кеткен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ленин райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мушташтан кийин кол салгандарды «Арча-Бешик» калктуу конушундагы шаардык милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Тартип сакчылары алардан жабырлануучуларга карата арыздарын кабыл алып, кое берип жиберишкен. Эми алар издөөгө алынды.

«Милиция мушташтын катышуучуларын кармашы керек болчу. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ишти УКМК иликтейт», -деп билдиришти прокуратурадан.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18