24.kg
11:40, 03 сентября 2019, 24.kg

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Жабырлануучу комадан чыкты

Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанында болгон.

«28-августта Ленин РИИБга арыз менен Д.М. кайрылган. Ал күйөөсүн сабап качып кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Кесепетинен 31 жаштагы М.А. ооруканага түшкөн. Мушташтын дагы бир катышуучусу 31 жаштагы Б.У. Улуттук госпиталга жаткырылган», -деп билдиришти ШИИББдан.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар 34 жаштагы Б.Ж. жана 20 жаштагы С.К. болуп чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.

«Кечээ жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта. Ошондой эле ошол эле күнү Улуттук госпиталга жаагы сынган бейтап келип түштү», -деп билдиришти министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18