24.kg
16:38, 02 сентября 2019, 24.kg

Нариман Түлеев: Батирлерди бир эле киши саткан жок

Экс-мэр Нариман Түлеев өзү курган үйдөгү батирлердин мыйзамсыз сатылып кетиши тууралуу түшүндүрмө берди.

Бүгүн мэрия муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Москва көчөсүндөгү № 191 үйдөгү 8 муниципалдык батирди сатып салганын жарыялаган. Турак үйлөр муктаж жарандарга берүү үчүн каралып жаткан.

Маалыматка караганда, аталган батирлер мурунку мэр Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган. Анын айтымында, соттун чечимин аткаруу тууралуу маселе турганда, мыйзамсыз камакка алынган балдардын абалын жеңилдетүү үчүн, ал келтирилген чыгымдын ордун төлөп берүү чечимин кабыл алган.

«Мен акча берсем тигил же бул чөнтөккө түшүп калат деп күткөм. Мындан улам, батирлерди берүүнү чечкем. Арызда аталган батирлер бюджеттик уюмдарда иштеген кызматкерлерге берилсин деп сурангам. Бирок, бул батирлерди сатып салышыптыр, бирок бул бир эле кишинин колунан келген жок. Тергөө баарын иликтеп чыгат деп ишенем», -деди Нариман Түлеев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18