24.kg
11:47, 02 сентября 2019, 24.kg

Бүгүн 1-3-класстын окуучулары маршруттук таксилерде акысыз жүрө алышат

Бүгүн 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга маршруттук таксилерде жол акы алынбайт. Бул тууралуу Super.kg сайты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочулары менен болгон жыйында айтылган. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маршруттук таксилердин айдоочуларына 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга жол акысын албай жеткирүүнү сунуштаган. Айдоочулар сунушту колдошкон.

Жыйындын жүрүшүндө айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууда бардык эрежелерди сактоого, аларга сылык мамиле кылууну, тазалыкты сактоону, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого, жүргүнчүлөрдү ашыкча шыкап салбоого чакырды.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18