24.kg
11:42, 02 сентября 2019, 24.kg

Жаңы окуу жылы. Чүйдө 700дөн ашык милиция коомдук тартипти сактайт

Бүгүн, 2-сентябрь- жаңы окуу жылынын башталышына карата Чүй облусунун аймагында 700дөн ашык милиция коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү облус боюнча жалпы 350 мектепте ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Аталган билим берүү мекемелеринде милиция коомдук тартипти көзөмөлгө алат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2019-2020-жаңы окуу жылында 156 миңден ашуун бала биринчи жолу мектеп босогосун аттады.

Өлкө боюнча мектеп окуучулдарынын жалпы саны −1 миллион 300 миң, ал эми мектептердин саны-1 миң 265.

Мектептердин баарында салтанаттуу линейка өтүп жатат, 3-сентябрдан тарта окуу башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18