24.kg
09:38, 02 сентября 2019, 24.kg

«Шарк таронлары-2019» эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан 1-орун алды

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары-2019» эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салтуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Кыргызстандын атынан Эламан жана Айбек Каныбековдор катышты. Алар Карамолдо Орозовдун «Жаш кербез», Нурак Абдрахмановдун «Мезгил жаңырыгы», Атай Огомбаевдин «Ак-Тамак-Көк тамак» жана Ниязаалы Борошевдин «Кара-Өзгөй» күүлөрүн аткарышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18