24.kg
17:47, 30 августа 2019, 24.kg

Пара алуу. Аскердик комиссариаттын бөлүм башчысына 220 миң сом айып салынды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы райондук аскердик комиссариатынын бөлүм башчысына «Алдамчылык» беренеси боюнча 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине сот Нурлан Малдыбаев билдирди.

Айтымында, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сот Ж.у.Н. ны актады, анткени ал кызмат адамы болуп чыккан жок.

«Алдамчылык» беренесинин бир эпизоду эки тараптын жарашуусу менен токтотулду. Аталган берененин дагы башка эпизоду боюнча аскер кызматкерине 220 миң сомго айып салынды.

Эске салсак, Ат-Башы аскердик комиссариатынын бөлүм башчысы аталган бөлүмгө ишке орноштурам деп 70 миң сом пара талап кылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18