24.kg
11:38, 30 августа 2019, 24.kg

Жылуулук мезгили. ЖЭБге 680 миң тонна Кара-Кеченин көмүрү алынып келет

Быйыл Кара-Кеченин көмүрүн берүүнүн көлөмү көбөйтүлүп, Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн 680 миң тонна алып келиш керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, котельный жабдуулардын ремонту белгиленген мөөнөттүндө аткарылып атат. Бүгүнкү күндө «Бишкек жылуулук энергодо» 66 котельныйдын 52си оңдолуп бүткөн, «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасында — 131 буу казандын 126сы оңдолгон.

Кубатбек Боронов энергетика ишканаларынын жетекчилери аткарылуучу оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүн эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18