24.kg
16:47, 29 августа 2019, 24.kg

Унаа, турак жай, жер салыгын төлөөдөн качкандар текшерилет

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин, салыктарды төлөбөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18