24.kg
14:16, 29 августа 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарын жана журналисттерди сотко киргизишкен жок

Photo 132897

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары чогулушту.

Бүгүн сот жактоочулардын өтүнүчү боюнча саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү карап чыгат. Процессти жабык өткөрүүнү жарыя кылышты. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бул алдын ала угуу болгондуктан, жабык түрдө өтүүдө.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген.

Эске салсак,Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18