24.kg
14:03, 29 августа 2019, 24.kg

«Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн, кытайлык артисттер сыйланды

«Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Даңк» медалы Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисттери Юй Цзин жэнь, Ли Шуан жана Яо Хунга ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театрынын солисттери Го Чэнчэн жана Гэн Чже сыйланды.

Эске сласак, үстүбүздөгү жылдын жайында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын коюшкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18