24.kg
11:08, 29 августа 2019, 24.kg

Кийинки жылдын акырында Улуттук энергохолдингдин 2 миң кызматкери кыскартылат

2020-жылдын акырында Улуттук энергохолдингдин 2 миң кызматкери кыскартылат. Бул тууралуу маалымат жыйында мамлекеттик компаниянын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Ал атайын кимдир бирөөнү жумуштан кетирип, иш орундарын кыскартпай тургандыгын айтты.

«Биз штаттын кыскарышына табийгый ыкманы колдонобуз. Бизде жылына өз ыктыяры менен 1 миң 600 киши иштен кетет. Алардын ордуна жаңы кадр албайбыз, айлык акыларын калган кызматкерлерге бөлүп беребиз», -деди Айтмамат Назаров.

Айтымында, 2 миллиард сом үнөөмдөө менен ал компаниянын чыгымын оптималдаштырды. «Бул менин кызмат ордумдагы алгачкы жетишкендик деп айтсам болот», -деди ал.

Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдинг» ААКга ушул жылдын майында төрага болуп дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18