Кара-Суу районунда сарай өрттөндү. 2 тонна чөп жана 3 кой күйүп кетти
Ош шаарына караштуу Кара-Суу районунундагы Медресе айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 кабаттуу сарайдын 44 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп жана 3 кой күйүп кетти.