24.kg
09:58, 29 августа 2019, 24.kg

Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сыртынан үй камагына алуу тууралуу бөгөт чарасы тандалды. Ал кызмат абалынан пайдалангандарга катыштыгы бар делип шектелүүдө. «8-августта Курсан Асанов кылмыш иши боюнча мааниси бар делген тастыктоочу буюмдарды, документтерди мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Ал мунун баарын Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбек 8-августта саат 21:00 менен 21:15 ортосунда ТИМдин имаратынын алдынан Курсан Асановдун көрсөтмөсү менен жогорудагы буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Кийин документтерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына беришкен. Кылмышка катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18