24.kg
09:21, 29 августа 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Самат Курманкулов өзүнө келе элек, бирок абалы жакшырууда

7-августта Кой-Таш окуясында жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келе элек, бирок абалы жакшырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, жабырлануучу Москвадагы ооруканалардын биринде жатат.

«Бүгүнкү күндө Самат Курманкуловдун абалы оор, бирок кичине жылыштар байкалууда. Өз алдынча дем алуусу жана неврологиялык белгилери калыбына келе баштады», -деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты. Учурда ал комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18