24.kg
17:54, 28 августа 2019, 24.kg

Өкмөт менен Кумтөрдүн ортосундагы макулдашууну ишкерлик жакшы кабыл алды

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун күчүнө киришин ишкерлик жакшы кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эл аралык бизнес кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы мамиледе ар кандай белгисиздик, Кыргызстандын инвестициялык климатына түздөн-түз таасир этет. Бизнес бүгүнкү күндө ири инвесторлор менен абал кандай болуп жатканын карап турат.

«Эгерде кандайдыр бир жөнгө салынбаган маселе болсо, буга чейин болуп келгендей ортого калкып чыгат. Мындан улам, ЖМКда тараган маселени жөнгө салуу тууралуу маалымат имиджге оң таасирин тийгизет», -деди ал.

Аскар Сыдыковдун айтымында, Кумтөр тууралуу билдирүүдөн кийин жаңы инвесторлордун келишин күтүүгө болбойт. Ал үчүн башка ири инвесторлорго жагымдуу режим түзүү керек.

«Укук коргоо органдары компаниялардын ишине минимум түрдө аралашкандай кылуу керек. Азыркыга чейин ири инвесторлордун көбү кысымга кабылууда. Алар кошумча текшерүүлөргө тушугуп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши- жакшы жөрөлгө», -деди Аскар Сыдыков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18