24.kg
17:07, 28 августа 2019, 24.kg

«Centerra Gold Inc.» компаниясы: Соттук териштирүүлөр токтотулду

«Centerra Gold Inc.» компаниясы «Кумтөр» долбооруна таасирин берип келе жаткан соттук териштирүүлөрдүн (анын ичинде буга чейин Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү тууралуу стратегиялык келишимге ылайык, туруктуу арбитраждык соттун) токтотулгандыгын жарыялады. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, келишимдин алкагында баардык милдеттенмелер, анын ичинде талаш-тартыштарды жөнгө салуу, Kumtor Gold Company компаниясынын ар кандай жаратылышты коргоо жана социалдык фондго взнос төлөп берүү тууралуу милдеттенмелери күчүнө кирди.

«Стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши -Кыргызстандын өкмөтү менен болгон мамилебизди чыңдайт. Бул «Кумтөр» долбоорунун бурулуш чекити болуп калат. Стратегиялык макулдашууга киргизилген айкындуулук, долбоордун ресурстарын жана корун кеңейтүүдө ишти улантууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары кенди пайдалануу мөөнөтүн узартууга, анын эффективдүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн көтөрүүгө мүмкүндүк берет», -дейт Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18