24.kg
16:06, 28 августа 2019, 24.kg

Ата мекендик продукциянын экспорту 890 миллион сомду түздү

Ата мекендик продукциянын экспорту 890 миллион сомду түзүп, 4,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасынын 7 айынын жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берип жатып айтты.

Маалыматка ылайык, импорттун көлөмү 2,3 миллиард сомду түзүп, 11,6 пайызга азайган.

«Экономиканын бардык тармактары боюнча өсүш камсыз болду. Алсак, өнөр жайы тармагында — 19,5 пайыз; курулуш — 6,9 пайыз; кызмат көрсөтүү — 2,3 пайыз; айыл чарбасы — 1,9 пайызды түздү», -деди өкмөт башчы.

«Көрсөткүчтөрдү талдасак, бир аз да болсо экспорттун көлөмү көбөйдү, импорт бир топ азайды. Бул эмнени билдирет? Мунун өзү өнөр жай секторунда жандануу башталганын, тышкы рыноктордо биздин продукцияларга карата сурамдын жогорулаганын жана улуттук экономиканын турукташа баштаганын айгинелейт», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18