24.kg
14:07, 28 августа 2019, 24.kg

Эгемендүүлүк күнү. Бишкекте айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат

Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чараларга даярдык көрүү максатында, айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

28-августтан 30-августка чейин саат 9дан 11ге чейин даярдык үчүн Чүй проспектисинин бир бөлүгү —Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аралык жабылат.

31-августта саат 8ден 12ге чейин жана 19:00дөн 23:00гө чейин төмөндөгү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:

  • Чүй проспектиси — Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Киев көчөсү— Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейин;
  • Фрунзе көчөсү — Панфилов көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18