24.kg
13:40, 28 августа 2019, 24.kg

Бишкекте айдоочу үйдүн тосмосун сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кетти

Бишкектеги «Дордой» базарынын аймагында жол кырсыгы катталды. Кырсык болгон жердин видеосун блогер Болот Ибрагимов Инстаграмга жүктөдү.

Видеодон бир кыздын долуланып ыйлап жатканын, экинчи кыздын (болжол менен колунда сыранын бөтөлкөсү бар) четке чыга бергенин көрүүгө болот.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуя бүгүн саат 7:50дө болгонун айтты. Белгисиз айдоочу Nissan үлгүсүндөгү унаасы менен Аул көчөсүндө бара жатып, № 4 үйдүн тосмосун сүзүп алган.

«Унаа айып төлөөчү жайга киргизилди. Жабырлануучулар катталган жок», -деп билдиришти башкармалыктан.

Nissan унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18