24.kg
10:24, 28 августа 2019, 24.kg

Экс-мэрлердин соту. Албек Ибраимовду Каржы полициясында суракка алышты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Сот Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, кечээ Албек Ибраимовду Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка күбө катары чакырышкан. Юрист соттун жана Каржы полициясынын аракетине Албек Ибраимовду суракка ага маалымат бербей алып кеткендиги үчүн нааразычылыгын билдирди.

Айтымында, Каржы полициясы Албек Ибраимовду кандайдыр бир ишке күбө катары өтүүсү үчүн, сотко кат жөнөткөн. «Сот мага дагы, Албек Ибраимовго дагы кабар бербестен уруксат бериптир», -деди ал.

Ал Албек Ибраимовду тергөө абагынан алып кеткенден кийин гана сурак тууралуу маалыматка кабардар болгон. Айтымында, Албек Ибраимов суроолорго жооп берген эмес. Кийинки сурак 29-августта болот.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18