24.kg
09:13, 28 августа 2019, 24.kg

Бишкекте 2 адамды өлтүргөнгө шектүү жаранды кармашты

Ленин РИИБнын кызматкерлери 2 адамды өлтүргөнгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-августта милицияга Завод көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн жанынан канга чыланган белгисиз бирөөнүн жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Азият улутундагы жабырлануучу ийнинен жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

«Аталган үйдүн короосунан дагы бир жарандын сөөгү табылган. Анын белинде жана жамбашынын ички жагында кесиктер болгон. Эки факты тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Окуяга шектүү делип 32 жаштагы Б.Т. кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18