24.kg
16:25, 27 августа 2019, 24.kg

Жемкорлордун акчасына жаңы мектептер салына баштады

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 132621

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

 

Мамлекет башчысы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18