24.kg
14:37, 27 августа 2019, 24.kg

Унаа министрлиги Чүй облусундагы айланма жолду акылуу кылууну сунуштады

Унаа жана жолдор министрлиги Чүй облусундагы айланма жолду акылуу кылууну сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, акы алынуучу жолдор тууралуу мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган. Ал өкмөттүн аппаратынын кароосуна жиберилген. Бул тууралуу министр Жанат Бейшенов айтты.

Пилоттук негиздеги долбоор катары Унаа министрлиги Бишкектин 73 чакырым узундуктагы айланма жолун акылуу кылууну сунуштады.

«2020-жылдын башында пилоттук долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин даярдоо башталат. Мыйзам долбооруна ылайык, акы төлөнө турган жолдор болуп жалпы колдонуудагы, альтернативалык жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жолдор эсептелинет», -деди министр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18