24.kg
12:49, 27 августа 2019, 24.kg

Жылдын акырына карата инфляциянын 4 пайызга жакын болушу күтүлүүдө

2019-жылдын акырына карата инфляциянын 4 пайызга жакын болушу, ал эми анын орточо жылдык мааниси  1,5 пайыздан жогору эмес түптөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда баа динамикасынын бир калыпта өсүшү байкалган. Август айында инфляциянын жылдык мааниси 1,9 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.

«Инфляциянын мындай түптөлүшүнүн негизги факторлору катары дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын туруктуу болуп, ички суроо-талаптын анча жогору болбошу саналган. Улуттук банк, ички жана тышкы таасирлер жок болсо, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын акырына чейин сактала тургандыгын болжолдоодо», -деп айтылат маалыматта.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18