24.kg
10:25, 27 августа 2019, 24.kg

Салык органдары майрам жана дем алыш күндөрү кезмет менен иштейт

Салык органдары 2-сентябрга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү да кезметчилик графигине ылайык иштешет. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Бишкектиктер салык төлөмдөрүн калкты тейлөө борборлорунан төлөй алышат. Маалыматка караганда, төлөмдөр 3 калкты тейлөө борборлору аркылуу жүргүзүлөт:

  • Медеров көчөсү менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилиши, «Бишкек» дүкөнүнүн имараты;
  • Чокан Валиханов, 2;
  • Жаш Гвардия бульвары 4

Эске салсак, төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда бүтөт. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин — турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18