24.kg
14:22, 26 августа 2019, 24.kg

Бишкектиктер салык төлөмдөрүн калкты тейлөө борборлорунан төлөй алышат

Бишкектиктер салык төлөмдөрүн калкты тейлөө борборлорунан төлөй алышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, төлөмдөр 3 калкты тейлөө борборлору аркылуу жүргүзүлөт:

  • Медеров көчөсү менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилиши, «Бишкек» дүкөнүнүн имараты;
  • Чокан Валиханов, 2;
  • Жаш Гвардия бульвары 4

Эске салсак, төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда бүтөт. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин — турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18