24.kg
13:57, 26 августа 2019, 24.kg

Садыр Жапаровдун уулу жол кырсыгынан каза тапты

Экс-депутат Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан жол кырсыгында каза болду. Маалыматты 24.kg агенттигине жактоочу Шерабидин Токтосунов тастыктады.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Дастан Ысык-Көлдөн келе жаткан. Кырсык 22-августта болгон. «Ал өзүнө келбей каза болду, атасына кабар бериле элек», -деди юрист.

Ал ЖАМКка Садыр Жапаровду уулуна топурак салууга бошотуу тууралуу өтүнүч менен кайрыла турганын айтты.

Ысык-Көл ОИИББ кырсык тууралуу маалыматты кечирээк бере турганын айтышты.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18