24.kg
11:56, 26 августа 2019, 24.kg

Жаңы окуу жылына карата 9 мектептин курулуш иштерин аяктоо пландалууда

Бул жылы өкмөттүн чечимине ылайык, жемкорлук менен күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсепке келип түшкөн каражаттан Чүй облусу менен Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерге кошумча корпус куруу иштерине 799,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Объекттердин баасы 941,9 миллион сомду түздү.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына карата 9 мектептин курулуш иштерин аяктоо пландалууда. Жылдын аягына чейин агенттик 39 мектептин курулушун аяктайт. Мунун ичинде спорт зал жана 3 бала бакча камтылган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18