24.kg
09:06, 26 августа 2019, 24.kg

Курсан Асановдун айдоочусу 23-октябрга чейин абакка киргизилет

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун айдоочу-жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулунун баш коргоо чарасын тандады.

Соттун токтому менен аны 23-октябрга чейин камакта калтырышат.

Эске салсак, 13-августта премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган. ИИМдин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн, ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асанов бошотулган. 23-августта анын айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18