24.kg
08:41, 26 августа 2019, 24.kg

Бишкекте Токтогул көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Токтогул көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

«Токтогул менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишине технологиялык себептерден улам асфальт төшөлгөн жок. 10 күндөн кийин унаа кыймылын токтотпостон асфальт төшөлөт», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, аталган көчө жылуулук түйүнүн оңдоо үчүн жабылган болчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18