Чачка туура кам көрүү. Айымдарга кеңеш
Чач аялдын көркү деп бекер айтылбаса керек. Ар бир эле аялзатын узун, жалтылдап турган жылмакай чач сулуу кылып көрсөтөт.
Бирок, узун чачты өстүрүш үчүн убакыт, эмгек керектелет. 17 жаштагылардын чачына жаштыктын өзү кам көрсө, 30 жаштан кийин аялдардын басымдуу бөлүгү чачтарын орто узундукта кармап, өздөрү кам көрө башташат. Ийинден төгүлүп турган олоң чачтуу болуш үчүн айрым кеңештер жардамга келет.