24.kg
16:25, 23 августа 2019, 24.kg

Бишкектеги өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

Бишкектеги тирилчилик техникасы жана азык-түлүк сакталган кампалардан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 21-августта Интергельпо көчөсүндө жайгашкан «Беко» фирмасына таандык кампадан чыккан өрт тууралуу билдирдүү түшкөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт кампанын шыбындагы электр зымдарынын туташуусунан улам келип чыккан. Өрттү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Ал эми кечээ кечки саат 18:45 чамасында Ч. Валиханов көчөсүндө өрт чыккан. Анда «Бишкек машина куруу» заводунун 4 кабаттуу имараты күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2 миң 100 чарчы метр. Өрт электр зымдарынын туташуусунан чыккан.

Аталган фактылар Жазык кодексинин 261-беренеси «өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузуу» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18