Август айында өлкө аймагында болгон өрт кырсыктары
Август айында өлкө аймагында болгон өрт кырсыктарын 24.kg агенттиги тизмектеди.
31-июлдан 1-августта караган түнү өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Бул сутка аралыгында Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районундагы «Петролеум» май куюучу жайында унаа өрттөнгөн. Кырсык тууралуу билдирүү 31-июлда саат 22:23тө келип түшкөн. Күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрт саат 23:09да чектөөгө алынып, 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 13 бөлүм тартылды. Жабыркагандар боюнча так маалымат жок.
1-августта Бишкекте эмерек цехинен өрт чыккан. Ауэзов менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эмерек цехинен өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.
Ал эми 4-августта 45 өрт кырсыгы катталган. Бул күнү «Дордой» базарына жакын аймакта кампалардан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Мындан тышкары тез жардам кызматы барган.
8-августта Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Черемушка кичи районунун Бабур көчөсүнүн № 16 турак үйүнөн өрт чыгып, ал Бабур көчөсүндөгү № 14, № 18 жана Моминов көчөсүндөгү № 207/2, № 211, № 209 барак түрүндөгү турак үйлөргө өтүп 6 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын жалпы аянты 2 мниң 500 чарчы метрди түзгөн.
Өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.
21-августта Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылып, саат 01:50 чектөөгө алынды. «Базардан чыккан өрт саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок», -деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Маалыматка ылайык, 2 киши түтүнгө ууланып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2800 чарчы метр.
22-августта Бишкектеги Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. «Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 800 чарчы метрди түзгөн кампа күйдү», — деп билдиришти министрликтен.