24.kg
13:55, 23 августа 2019, 24.kg

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда 174 соода орундары өрттөндү

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда 174 соода орундары өрттөндү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-августка караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы катталган. Өрттөнгөн жердин аянты 3 миң 600 чарчы метрди түздү.

Азыркы учурда жабыр тарткан адамдардын айтымына карап, болжолдуу материалдык зыян 44 миллион 992 миң 820 сомду түзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтын негизинде аталган өрт кырсыгы, электр тогунан пайда болгон кыска чагылуусунан келип чыккан.

Ошондой эле бүгүн саат 03:00 чамасында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө Кочкор-Ата шаарындагы базарда өрт болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерде 3 даана дүкөнчө өрттөнүп кеткен. Жалпы болжолдуу материалдык зыян 1 миллион 500 миң сомду түзгөндүгү аныкталган.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18