24.kg
12:34, 23 августа 2019, 24.kg

Илим Карыпбеков Финполицияга сурак берип чыкты

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Илим Карыпбеков «Манас» аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.

«Бишкектеги «Манас» аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат», — деди Илим Карыпбеков. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Илим Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин «Манас» эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18