24.kg
11:07, 23 августа 2019, 24.kg

«Коопсуз шаардын» камераларын талкалагандар издөөгө алынды

Бишкек ШИИББ 9-августта Бишкектеги «Коопсуз шаардын» камераларын талкалагандарды издөөгө алды.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБге «Вега» компаниясынын өкүлү Н.А. арыз менен кайрылып, 9-августта түнкү саат 01:30 чамасында Курманжан датка жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги «Коопсуз шаардын» 2 камерасын талкалап кеткен жарандарга карата чара колдонууну өтүнгөн. 

Мындан тышкары, бейбаштар Жусуп Абдрахманов менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 4 камераны талкалаганы маалым болду. Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 камераны талкалап, алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ошол эле күнү түнкү саат 00:30да Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишиндеги ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкуна таандык унааны белгисиз адамдар талкалап кетишкен.

Жогоруда фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Сүрөттө көрсөтүлгөн жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн, таанып билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюну өтүнөт: 0(771) 141 190, 0(700) 110 077, 0(556)155 144, 0(779) 646 155, 0(550) 102 927, 0(552) 102 471, «102».

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18